Күндүн сууктугу аны ого бетер татаалдантууда. Жабыркагандарга алгачкы жардамдар дурус көрсөтүлгөн. Бирок элди жер, үй куруу жана курулуш материалдары маселеси катуу тынчсыздандырууда, деп билдирди Социал-демократиялык партиянын атынан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов бүгүн « Азаттыкка» . Кыргызстандагы саясий кырдаалга токтолгон Бешимов, өлкөдө башкаруу системасы авторитардык багытка бурулуп баратат, бул Кыргызстан шартына туура келбейт, деп белгиледи.(AiT)