Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

ЛЕНИНДИН КӨЗҮ ӨТКӨНГӨ 84 ЖЫЛ ТОЛДУ


Муса Мураталиев, Москва Орусиялык коммунисттер Владимир Лениндин дүйнөдөн кайтышына 84 жыл толгондугун белгилешти. 21-январда эртең менен Москвадагы Лениндин мавзолейине КПРФ өкүлдөрү гүл дестелерди коюшкан. Кызыл аянтка гүл коюуга катышкандар эсеби бир нече жүзгө жеткен. Лениндин эстелигине гүл коюу каадасы Петербург, Екатеринбург, Уфа шаарларында да өткөн.

Орусиянын падышалык бийлигин тактан кулаткандардын бири Владимир Ленин 1918-жылы Фанни Капландын огун жеп жарадар болгондон соң Горки калаачага көчүп келип, ошол жерде 1924-жылга дейре башкача айтканда, жаны үзүлгөнгө дейре жашаган. Ошондуктан ал музейде эмдигиче Ленин үзүлгөндө алынган бет кеби менен кол кептери сакталуу. Ал музей деректири Николай Цветоватый айтканга караганда былтыр, 2007-жылы 120 миң гана киши келген.

Лениндин ишкердиги азыркы тушта Гитлердин кыргын салуусу менен катар коюлуп айтылып калган чакта аны орусиялыктар кандай баалашат? Ал нагыз каңкорбу же дүйнө элдерин эркиндикке чыгарган даңктуу инсанбы? Же болбосо тарыхта бир жолукчу көп каармандын бириби? Ушул суроолорго жооп издеп ара жолдо жолуккандарды кепке тартууда орусиялыктардын өзгөчө түшүнүгү бар экени байкалды. Аны фашизм режими менен салыштыруу Ленин-Сталин түзгөн жабык коом, темирдей режим жөнүндө ачык айтыла баштагандан улам болгонун эскеришет:

-Азыр ачык эле, ал тургай менин бүлөмдө деле коллективдештирүү учурунда жабыр тарткандар ал туурасында жашырып жаппай айтып калышты,-дейт өзүн Ильямын деп тааныштырган адам.

Андай маалыматты өз кулагы менен угушса да коммунисттер жааты көсөмүбүз аброю мурдагыдай эле кол тийгиз бийик, ал тургай өлкөнү ушул абалга алып келген да ал болгон дешет. Мындай ойду эски партиячы Алексей айтат:

-Мен Орусиянын кайра жаралышы Ленинден башталган деп эсептеймин. Бүгүнкү учурда көп жазып атышкан «падышалар» менен болгондо Орусия азыр кайда болорун бир кудайдын өзү билет эле.

Коммунисттердин улуу адамынын ысмын түбөлүк эстеп жүрүү үгүтү болгону 12-15 жылдай эле мурда жасалып туруучу. Ошого карабай андай адамдын дегеле турмушта болбогондой кабылдашкан кишилердин катары артканын анализчилер белгилешет. Маселен, өзүн Маратмын деген кырктардын кырына келип калган киши мындай дейт:

-Ленин демейдеги эле тарыхый каарман, менин жеке турмушума анын тийиштиги жок, ошондой болсо да мен үчүн ал терс каарман.

Өткөн жылдын апрел айынын биринчи жарымында Юрий Левада анализ жүргүзүүчү борбору сурамжылоо жүргүзүп чыккан. Анын жыйынтыгына ылайык Ленинди дагы 40-50 жыл өткөндөн кийин илимпоздордон бөлөк эч ким тааныбай калат деген орусиялыктар эсеби сурамжылоого катышкандардын 45 пайызын түзгөн. Советтер мамлекетин негиздеген киши катары эсептечү болушат дегендер 30 пайызын түзүп, жумушчу жаатынын кызыкчылыгын коргоочу катары эсте калат дегендер 18 пайызды түзгөн.

XS
SM
MD
LG