Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

АКЦИЯЛАРДЫН АРЗАНДООСУНАН УЛАМ АКШ ҮСТӨК ПАЙЫЗЫН АЗАЙТТЫ


Улан Алымкул уулу, Прага Кошмо Штаттарда Улуттук банк катары эсептелген – Федералдык резерв системасы кредиттер боюнча үстөк пайызынын өлчөмүн күтүүсүздөн үч чейрекке же 0, 75%га арзандатты. Мындай чечим акыркы эки күн боюу дүйнөлүк биржаларда акциялардын наркы тездик менен төмөндөгөн учурда жарыяланды. Адистер Федералдык резерв системасынын жогорудагыдай кадамын акциялар арзандап жаткан шартта экономиканы колдоо аракети катары баалоодо.

Ушул дүйшөмбү күнү Европанын баалуу кагаздар базары бир күн арзандоо жагынан 2001-жылдын 11-сентябрынан берки эң кара күндү башынан кечирген эле. Акцияларды капыл-тапыл сатуу жана арзандоо Азия менен Европанын биржаларында кечээ да уланган.

Акциялардын жапырт сатылышына жана арзандашына шыкак берген себеп катары ириде Кошмо Штаттардын экономикасы рецессияга же төмөндөөгө багыт алышы мүмкүн, бул өз кезегинде башка экономикаларды алсыратат деген кооптонуулардын күчөгөндүгү түрткү бергендиги айтылууда.

Андыктан АКШнын Федералдык резерв системасы кредиттер боюнча үстөк пайызын үч чейрекке төмөндөтүү жөнүндөгү чечимди мына ушундай шартта кабыл алып олтурат. Бул былтыр сентябрдан бери эле үстөк пайыздын үчүнчү ирээт арзандатылышы. Кечээги жарыядан кийин ал 4,25%дан 3,5%га төмөндөдү. Белгилеп кетчи жагдай, бул ирээт Федералдык резерв системасы мындай чечимди күн мурунтан, өзүнүн белгиленген жыйынынан эрте кабыл алды. Кошмо Штаттардын каржы министри Генри Полсон бул чечимди кубаттап, Соода палатасындагы жыйында өлкө экономикасынын жерпайы бекем экенине ишендирди:

-Менимче бул өтө туура, бул өлкөгө жана дүйнөгө биздин борбордук банк шамдагай жана базардын шартына тез жооп берүүгө жөндөмдүү экенин көргөзүүдө. Менимче бул ишеним жаратышы керек. АКШ экономикасы ийкемдүү. Жумушсуздук төмөн бойдон калууда. Өтө жогорку ыргакта болбосо да иш орундарын түзүү уланып жатат. Экономиканын структурасы бекем жана экономикабыздын узак мөөнөтүү негиздери чың.

Ага катар АКШнын каржы министри Конгресс жана администрация экономиканы чыңдоого багытталган чараларды тезирээк көрүш керектигин белгиледи. Керектөөчүлөрдүн сарптоосун көбөйтүү үчүн 150 миллиард долларга жакын салыкты элдин өзүндө калтырууну караган планды Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш өткөн жума күнү жарыялаган эле. Адистердин айтымында, Борбордук банктын үстөк пайызды төмөндөтүшү экономикага, теориялык жактан алганда, бир нече багытта жардам бере алат. Азыр Европадагы өнүгүү жана реконструкция банкынын улук кеңешчиси кызматында иштеген, кыргыз өкмөтүнүн мурдагы вице премь-министри Жоомарт Оторбаев биз менен болгон маегинде мындай деди:

-Эгер Федералдык резерв системасы ставкасын түшүрсө, өзүлөрүнүн банктары, компаниялары финансы-кредиттик ресурстарды карызга алганга арзанырак болуп калат, тобокелчиликтер азыраак болот, каражатты көбүрөөк алынат. Андыктан АКШнын Федералдык резерв системасы азыр ставканы экономикага жаңы кан жүгүртүү аракетинде азайтууда.

Жоомарт Оторбаев белгилегендей, дүйнөнүн баалуу кагаздар рыногундагы төмөндөөдөн ири фондулук базар менен байланышы жок Кыргызстан сыяктуу өлкөгө тикелей таасири тийбейт, бирок Кыргызстанга капиталы келип жаткан коңшу Казакстан көбүрөөк сезиши ыктымал.

Айтор, расмий өкүлдөр тарабынан ишендирген маанайдагы сөздөр айтылганы менен АКШда экономика ыргагы төмөндөйт деген божомолдор Европада, Азияда жана башка аймактарда кооптонууларды жаратпай койгон жок. Бул АКШ дүйнөнүн эң кубаттуу экономикасы гана эмес, дүйнөлүк экспорт үчүн эң ири базар экенине да байланыштуу.

Шейшембиде Нью-Йорк биржасы 18-январдан берки дем алыш жана майрамдык тыныгуудан кийин ачылды. Бирок адегенде эле Федералдык резерв системасы үстөк пайызын аразандатканы жөнүндөгү жаңылыктын акциялардын баасына оң таасир тийгизгени байкалбады. Алгачкы сааттардагы соодада Доу-Жонс индекси 300 пункутка төмөндөдү.

XS
SM
MD
LG