Кошмо Штаттардын Федералдык кордук системасы насыялардын үстөгүн 4.25%дан 3.5%га төмөндөттү. Мындай чечим өлкө экономикасынын өсүшүнүн басаңдоосуна жол бербеш үчүн жасалды.Өткөн күндөрү дүйнөлүк баалуу кагаздар биржасында кескин арзандап кеткен. Маселен, АКШ биржасындагы Доу-Жонстун индекси 300 пунктка ылдыйлаган .