Э. Мамбеталиев үчүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди өлтүргөн деген шек менен камакта кармалып келүүдө. Э. Мамбеталиев мурдагы премьер-министр Алмаз Атамбаевдe жана экс-президент Аскар Акаевдe мурда жан сакчы болуп иштеген. Ага буга чейин Рысбек Акматбаев баштаган топто полковник Чыныбек Алиевди өлтүрдү деген айып тагылып, бирок ал далилденген эмес.(MSu)