Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

9:51 Бүгүн укук коргоочулар Башкы прокурор менен жолугушат


Укук коргоочулар Э. Сатыбалдиевден тынч митингдерди чектеген Бишкек шаардык кеңешинин токтомун жокко чыгарууну жана мэр Данияр Үсөновду Кылмыш Жаза кодексинин 338-беренеси боюнча жоопко тартууну талап кылышууда. Ушундай талаптар менен алар 21-январда Башкы прокурор менен жолугушкан. Бирок Э. Сатыбалдиев бул маселеге жооп берүү үчүн убакыт талап кылынаарын айтып, акыркы сөзүн бейшемби күнү билдире турганын айткан. 2004-жылы 14-декабрда Конституциялык сот тынч жүрүштөрдү жана жыйындарды өткөрүүгө чектөөгө тыйуу салган чечимин чыгарган. Бирок 2007-жылы 30-ноябрда мэр Данияр Үсөновдун тынч жыйындарды өткөрүүнү чектеген токтомун шаардык кеңеш жактырган. (MSu)

XS
SM
MD
LG