Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

ЗИЛЗАЛАДАН ЖАБЫРКАГАНДАРГА ЖАРДАМ КЕРЕК


Зилзаладан жабыркаган карасуулуктар бийликтен коопсуз аймактардан тез арада жер ажыратып берүүнү, ага улай үй курганга каражат жагынан каралашууну талап кылышууда. Бирок мындай ойго үлкөн аткаминерлер макул эмес.

Мамлекеттик атайын комиссиянын алдын ала маалымдашынча, 1-январдагы жер титирөөдөн улам Карасуу районунда үйү таптакыр жараксыздардын саны 861ди чамалады. Алардын бардыгы кайсыл чоң келип жолукпасын, чукул арада жер жана акча бөлүү талабын коюп жатышат.

Бекжар айлынынын тургуну Калниса Чолпонбаева Өкмөт жаңы чектен баарына чогуу жер ажыратса, анан акчадан, курулуш матеиралдарынан каралашса деген үмүттө.

- Быйылкы жылы кыш суук болуп атат. Бекжарда кар өтө оор түшүп, кыш 7 айга чейин кыш болот. Бизге жер берилсе, биз Бекжарыбызды жайындасы жайлоо кылып, кышындасы кыштоого кетет элек. Бизге курулуш материал жагынан жардам берсе жакшы болот эле, - дейт Калниса Чолпонбаева.

Карасөгөт кыштагынын жашоочусу, согуш ардагери Мааданбек Кеңешов да кычыраган суукта кыйналып жатышкандыгын, жылуу жакка көчүү ниети бардыгын ачыктады:

- Бала-чакабыз титиреп, үйлөрүбүз жарылып дагы эле коркунучтабыз. Күнү-түнү жер кыймылдап, термелип турат. Али басылган жок. Үйлөргө жата албай, көбү палаткада. Камдаган отунубузду эптеп жагып атабыз.

Жогорку Кеңеш төрагасы Адахан Мадумаров дээринде жабыркагандардын ар бирине участок энчилөөгө, ошондой эле акча каражаттарын элге таратууга таптакыр каршы. Андан көрө бардык шарты бар көп кабаттуу үйлөрдү куруп тапшырып, маселени биротоло комплекстүү түрдө чечүү зарылдыгын баса белгиледи.

- Акчасын колуна берсеңиздер чындыгында студенттик контракт төлөп, баласын армиядан алып калыш үчүн кутулат. Эртең эле күз келгенде кайра ыйлап кат жазышат. Дагы шылуун кыргыздар бар, бул жерди жайыт катары кармап калайын дагы, тиги жерден участок алып коеюн деген. Муну токтотуш керек, - деди Адахан Мадумаров.

Ал эми Өкмөт башчысынын биринчи орун басары Искендербек Айдаралиев жабыркагандардын тизмеси толук такталып бүткөндөн кийин гана жер жана каражат көйгөйүнө чекит коюлаарын «Азаттыкка» маалымдады.

- Жабыр тарткан үйлөрдү, коомдук имараттарды долбоорлону жана кайра курууну максаттуу каржылоо 2008-жылдын бюджети бекитилгенден кийин капиталдык салым статьясы боюнча аткарылат. Ал эми жапа чеккен калктын бузулган үйлөрүн калыбына келтирүү иштери жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча иш чаралар статьясынан такталган тизмелердин жыйынтыгы менен каржыланат, - дейт Искендербек Айдаралиев.

XS
SM
MD
LG