Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:10

АЙТ НАМАЗДАР КАЙДА ОКУЛАТ?


Экс-министр Болотбек Ногойбаевдин айт намаздарын Бишкектин эски аянтында окутпоо сунуш-каты мусулмандардын нааразылыгын күчөтүүдө. 29-январь күнү айрым коомдук уюм жетекчилери мусулмандарды аянттан айдай турган болсо анда шаардын Совет бийлиги келгенге чейин мечит турган чөлкөмүн – азыркы Жеңиш аянтын суроо демилгеси менен чыгышты. Алигиче тыйылбаган бул талкууну Акүй өзү уюштуруп жатат деген пикирлер да бар.

Эгерде өкмөт тарап Бишкектин эски аянтында айт намаздарын окутпаса – мусулмандарга азыркы Жеңиш аянты гана орундуу болорун АКИпресс маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандары” конгрессинин өкүлү Бакыт Нурдинов мындай жүйөлөр менен ырастады:

- Азыркы Жеңиш аянтында 1916-жылга чейин мусулмандардын чо-оң мечити болгон. Аны Борбордук архив башкармасы да бизге сүрөтү менен тастыктап берди. Биз, “Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандары” конгресси Жогорку Кеңештин алдындагы эски аянттан мусулмандарды кууй турган болсо так ошол жерди бергиле, мечит салып, жалпы мусулмандарга айт намаздарын окуй турган орун жасайбыз деп Президентке да, Өкмөткө да кат жаздык. Мечит салганга сүрөөнчү-колдоочулар табылууда.

Бакыт Нурдинов борбордук мечиттер Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын борбор калааларынын да чок ортосунда жайгашкандыгын, Бишкекте болсо болочок мечит үчүн жер четирээктен берилгендигин эске салуу менен, эгерде өкмөт тарап Жеңиш аянтын бере турган болсо, андагы эстеликтерди, түбөлүк отту – баарысын аталган конгресстин күчү, каржысы менен көчүртүп берүүгө да даяр экендигин эскерте кетти.

“Кыргызстан элинин абийрин, ар-намысын коргоо” коомдук уюмунун төрагасы Акин Токталиевдин маалымат жыйынындагы сөзү боюнча, мусулмандар ансыз да ошол мурдагы мечиттин ордун болочок мечит үчүн сурап алуунун кыябын таппай жүрүшкөн экен. Анан эле, Кудай жалгап, Болотбек Ногойбаев менен Тойгонбек Калматов алардын ачык сөзгө чыгышына шарт түзүп бериптир минтип.

Экс-министр Болотбек Ногойбаевдин Кыргыз өкмөтүнө жазган катындагы: “Кыргызстан – светское государство” деген жүйөсүнө “Акыл-эс, рух жана ыйман” коомдук уюмунун жетекчиси Дүйшөн-ажы Абдылда уулу мындай пикирин билдирди:

- Акаевдин убагынан бери эле “ светское” болуп жүрөбүз, андан кыйратып өнүгүп деле кеткенибиз жок. “Светское” өлкөлөргө мусулмандарды куугунтуктагыла деген укук деле берилген эмес.

Дүйшөн-ажы Абдылда уулу жогорудагы маселелер чечилгиче мусулмандар айт намаздарын эски аянтта гана окуш керек, бул маселени Президенттин оң колу болуп турган Медет Садыркулов тез арада оң чечпесе намазчылар менен бийликтин же намазчылар менен күч органдарынын ортосунда кейиштүү жаңжалдар чыгып кетиши мүмкүн деп эсептейт.

Иштеген жерин айткысы келбеген педагог Санат Турусбекова айт намаздарын окуу боюнча Бишкекте эч кандай өзгөрүү болбостугуна ишенгендигин билдирүү менен, бир жумадан бери созулуп келаткан бул талкуу-талашты болор-болбос кызыкчылык үчүн Акүй уюштуруп жатат деген оюн ортого салды:

- Ногойбаевдин министрликтен алынышына көп эл нааразы. Аны элге жаман көрсөтүш үчүн, анан Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Калматовду кызматтан алыш үчүн – муну Акүй өзү уюштуруп жатат.

Бийлик тарап маселеге так-кесе жооп бербесе сөздөн-сөз ырбап – мусулмандардын нааразылыгы кескин күчөй турган мезгил болуп турат.

XS
SM
MD
LG