Президенттин жардыгына ылайык улуттук жана дүйнөлүк маданий мейкиндикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн 2008-жыл Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланды. Кыргыз эл жазуучусунун 80 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, аны каржылоо иши өкмөткө тапшырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)