Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:16

16:45 Т. Бакир уулу: Акыйкатчы эки тил билиши керек


Мындай билдирүү менен акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңештин төрагасы А. Мадумаровго кат жолдоду. Турсунбай Бакир уулунун айтымында, акыйкатчыга келген арыздардын 53 пайызы мамлекеттик тилде, 45 пайызы расмий тилде жана калган 2 пайызы башка тилде болот. Ал эми рамий жана башка кат кабарлардын 78 пайызы орус тилинде келет. “Мисалы президентти шайлоодо ал кыргыз тили боюнча гана сынак тапшырат. Бирок акыйкатчыга коюлган талаптар таптакыр башка. Акыйкатчы мамлекеттик да, расмий да тилди билиши керек. Бул кызматтагы адамдын бир нече тил билиши кошумча артыкчылык болуп эсептелет. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана расмий тил боюнча” жана “Акыйкатчы тууралуу” мыйзамга негизделип, акыйкатчыга талапкерлер эки тил билгендиги тууралуу сынак тапшырсын деген жобону киргизүүнү сунуштайм”, - деп айтылат акыйкатчынын катында. (ESu)

XS
SM
MD
LG