Улуттук банктын төрагасы Марат Алапаевдин билдирүүсүнө караганда, мыйзам аманатчыларды коргоого багытталып, ал үчүн атайын фонд түзүлөт. Фонддун акчасы 97 миллион сом болоору белгиленүүдө. Ага акча коммерциялык банктардан түшөт жана 50% өкмөт берет. Эгерде кайсы бир коммерциялык банк кудуретсиздикке учураса, анда ал банкка акча салган аманатчыларга 20 миң сом төлөнүп берилет. Мындай өлчөмдө акча салгандар аманатчылардын 90% түзөт. Ошондуктан ушул өлчөмдө төлөө чечими кабыл алынды,-деп белгиледи Алапаев. Жогорку Кеңеш сунушталган мыйзам долбоорун талкуулоодо. (AiT)