Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:14

ОШ: КЕЗЕКТЕГИ КОРРУПЦИЯ ЧАТАГЫ – КЫЛМЫШ ИШПИ ЖЕ САЯСИЙ ОЮНБУ?


«Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун Оштогу филиалынын директору Манас Оконов баштаган бир катар жетекчилерге “документ тууралап, ири өлчөмдөгү акчаларды өз керегине сарптаган” деп кылмыш иши козголду. Ошол эле учурда экинчи тарап тагылган айыптарды четке кагууда.

«Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун Ош облустук филиалынын директору Манас Оконов, Өзгөн райондук бөлүмүнүн жетекчиси Байыш Орозматов 2007-жылы «Абател» жоопкерчилиги чектелген коому менен ич ара сүйлөшүп, 197 миң сомду ишти аткарбастан «капиталдык ремонтко жумшалды» деп документ тууралап, жеке кызыкчылыктарына мыйзамсыз сарптагандыктан, кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Бул туурасында Каржы полициясынын түштүк башкармалыгынын каржы-салык укуктарын бузууларга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Сулайманов «Азаттыкка» билдирди:

- Кыргызча айтканда азыркы күндө булар “мыйзамсыз жалган документтерди түзүү жолуу менен аткарылбаган иштерге аткарылды” деген жалган документтерди түзүү менен мыйзамсыз 197 миң сом акча каражатын чыгаштап жиберишкен. Ошол боюнча азыр аныкталып, тергөө иши жүрүп жатат, - дейт Жылдызбек Сулайманов.

«Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун Оштогу филиалынын директору Манас Оконов кылмыш иши козголгондугу туурасында интернеттен окугандыгын, ага айыбы али угузула электигин, ошентсе да, бул кинелер арык аттап, суу кечпей тургандыгын, каерде болбосун актыгын далилдөөгө кудурети жетээрин айтты:

- Кылмыш иши ачылганын мен интернеттен окудум. Капремонт өзүбүздүн башкы мекемебизде бекитилет да. Ар бир районго бюджет бөлүп бермек. Өзгөндөгү капремонт ошол иштин негизинде болгон.

Оштогу «Демократия жана адам укугу» борборунун директору Идирисбек Кубатбеков бул - кезектеги өнөктүк, органдар чоңдорду отчет үчүн кармашат да, факты унутулгандан кийин, же жең ичинен соодалашып бошотуп жиберишет, болбосо, жасаган жосунсуз жоругу үчүн аткаминерлер сөзсүз жазаланууга тийиш деп эсептейт:

- Эгерде бул иште чындыгында ошол адамдын күнөөсү далилденген болсо, ал бизде мамлекеттик органдын адамы болобу же катардагы карапайым адам болобу ал Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти алууга тийиш деп ойлойм,- деди Идирисбек Кубатбеков.

XS
SM
MD
LG