Конституциялык соттун төрайымы кызматына макулдук берүү боюнча добуштардын тыянагын комиссиянын башчысы Автандил Арабаев жарыялады:
- Сыдыкова Светлана Калдарбековнаны Кыргыз Респулбикасынын Конституциялык Соттун төрайымынын кызматына дайындоого макул 77, каршы 4 добуш берилди.
Парламенттен колдоо тапкан Сыдыкованы төрага Адахан Мадумаров куттуктады:
- Светлана Калдарбековна ишиңизге ийгилик, ден соолук, аманчылык. Ар дайым Кыргыз Республикасынын Конституциясынан кылдай кыйшайбай иштешиңизге Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан суранып кетет элем. Тилегибиз ушул.
Өз кезегинде ыраазчылыгын Светлана Сыдыкова парламентке билдирди:
- Конституцияны ыйык сактап, аны коргоодо өз милдеттеримди так, бир гана Конституцияга баш ийип аткарам деп силерди ишендирип кетем.
Светлана Сыдыкова ушундай убада берип, президент негиздеген «Ак жол» партиясы бир добуштан аны колдоп турганы менен, парламентте азчылыкты түзгөн конструктивдүү оппозициядагы социал-демократтар фракциясынын депутаттары жаңы төрайым Конституциялык соттун буга чейин түшүп кеткен аброюн көтөрүүгө кудуреттүү деп эсептешкен жок.
Атүгүл Конституциялык сот Конституциялык баалуулуктарга эмес, кызыкчылыктарга кызмат кылып, саясий чечимдер менен алектенип калды деген депутат Иса Өмүркулов бул институтту жоюу маселесин көтөрүп чыкты:
- Конституциялык Сот башынан референдум гана өткөрүп келатат. Бир да мамлекетте жок, Конституцияны жокко чыгарган. Мына бизде гана бар. Ушуга гана инструмент болуп келатасыздар.
Мындай демилгеге Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова, Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Зайнидин Курманов баштаган бир топ депутаттар, президенттин парламенттеги өкүлү Камбараалы Конгантиев демократиядан артка чегинүү катары карашты.
Анткен менен, Роза Отунбаева Конституциялык сот ириде Баш мыйзамды баалай албай жаткандыгына өкүнүчүн билдирип, президенттин тандоосун кадр саясатындагы катачылык катары баалады:
- Бу киши республикалык деңгээлде бир да органда иштебептир. Экинчиден, Конституциялык сот укук чөйрөдө билимдерди түртүш керек. Инновациялык жаңылыктарды киргизген новатор сот болушу керек. Илим жагынан деле деңгээли туура келбейт экен. Институтту сырттан окуп бүтүптүр.
Сыдыкованын өзүнүн маалыматына караганда, ал 2006-жылдан бери Конституциялык соттун мүчөсү. Ага чейин Майлысуу шаардык, Чүй облустук, Москва райондук соттордун төрайымы болуп иштеген экен. Ага чейин партиялык кызматтарда болуптур.
Коммунисттик партиянын катарында болгондугун эске алган коммунисттер фракциясы Сыдыкованын талапкердигин колдоду. Фракциянын позициясын Искак Масалиев ачыктады.
Парламенттен макулдук алган Светлана Сыдыкова өз ишин эми президенттин жардыгы чыккандан кийин он беш жылдык мөөнөткө белгиленген кызматына толук кандуу киришет. Конституциялык соттун төрайымдык кызматын 1993-жылдан бери аткарып келаткан Чолпон Баекова 16-декабрдагы парламенттик шайлоодо президент Курманбек Бакиев түзгөн «Ак жол» партиясынын башында тизмени башкарган. Учурда Баекова парламенттин төрага орун басары.