Бул тууралуу Бишкек шаарынын транспорт башкармалыгынын өкүлү Нурлан Атыканов билдирди. Анын айтымында, кичи автобустарда жол киренин акысын айдоочулар эмес, шаардык кеңеш гана бекитет. Кечээ Аламедин-1 кичи районунда кичи автобустардын бир катар айдоочулары жол акысын 10 сомго көтөрөбүз деп башка айдоочуларды жумушка чыкпоого үндөгөн.(MSu)