Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

ЕВРОПА: КОСОВОНУ ТААНЫГАНГА КӨПЧҮЛҮГҮ ДАЯР, АЗЧЫЛЫГЫ - КАРШЫ


Косово жекшемби күнү бир тараптуу түрдө көз карандысыздыгын жарыялады, анын эгемендигин тааныганга Евросоюздун көп өлкөлөрү даяр,айрымдары каршы. Бу маселени бүгүн Брюсселде шаркетке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери талкуулап жатышат.

“Евросоюздун мүчөлөрү өздөрү ылайык көргөн чечим кабыл ала алышат. Мамлекеттерди дипломатиялык деңгээлде таануу иши жалпы биримдиктин милдетине кирбейт. Ар бир өлкө муну өз көз карашына жана ишенимине жараша чечет. Албетте, биримдиктин көпчүлүк мүчөлөрү Косовону тааныйт”,- деп айтты еврошаркетке ушу тушта төрагалык кылып жаткан Словениянын тышкы иштер министри Дмитрий Рупел Брюсселге келген соң.

Бюсселдеги жыйынга бардык эле министрлер бирдей маанай менен келишкен жок. Атап айтканда, Греция, Румыния жана Испания жекшемби күнү Косовонун парламенти жарыялаган эгемендик декларациясына бир топ кооптонуу менен карашат. Мадрид -басктарга, Афина – Кипрдин түндүк бөлүгүнө, Бухарест болсо коңшулаш Молдавиядагы россиячыл маанайдагы аймактарга Приштинанын кечээки кадамы өрнөк болуп бериши мүмкүн деп чочулайт. Косовонун көз карандысыздыгын караманча тааныбай тургандыгын испан жана кипр министрлери ырасташты. Алардын тышкары Болгария менен Словакия да косоволук албандардын Сербиядан бөлүнгөнүнө токтоосуз түрдө колдоо көрсөткөндөн баш тартышты.

Айрым маалыматтарда Косовонун эгемендигин тааныганга Британия, Германия, Франция, Италия жана Белгия шайма-шай турганы айтылган эле. Бирок канцлер Ангела Меркель Берлин бул маселе боюнча өзүнүн ырасмий позициясын биртке кийинчерээк жарыялай турганын билдирди. Немец министри Франк-Валтер Штайнмайер да Брюсселдеги бүгүнкү жыйында бул окуяга европалыктардын мамилеси кандай болорун талкуулап, бирдиктүү пикир тапканга аракет жасашарын айтып, буга чейинки бир нече айга жана апталарга созулган талкуулар жеңил-желпи болбогонун эске салды.

Белгиянын тышкы иштер министри Йохан Вербекке “Балкандагы коопсуздуктун жоопкерчилигин толугу менен Евросоюздун жана НАТОнун мүчөлөрү өздөрүнө алганга даяр экенине” ишендирсе, Швециянын башкы дипломаты Карл Билдт “Приштина бери эле дегенде биримдиктеги 27 өлкөнүн 22синин колдоосуна үмүт кылса болорун” билдирди.

Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибэнд “Балкандын батыш ыптасындагыларды европалык өлкөлөр катары таануу зарылдыгын, буга кошо бул аймактагы тынчтыкты жана баракатчылыкты камсыз кылууда Европа өзүнүн чыныгы лидерлигин көрсөтүшү керектигин” белгиледи. Бирок ал да ырасмий Лондондун позициясы кандай экенин ачык айткан жок.

Косовонун көз карандысыздыгын бүгүн Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде да экинчи ирет талкуулашат. Кечээ Москванын талабы менен чукул чакырылган жыйында кеңештин мүчөлөрү бир жаңсыл чечимге келе алышкан жок. Косовонун көз карандысыздыгын тааныганга Россия, Кытай каршы чыгууда. Коопсуздук Кеңешиндеги бүгүнкү талкууларга Сербиянын президенти Борис Тадич катышат.

XS
SM
MD
LG