Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:42

ФИДЕЛ КАСТРО БИЙЛИКТЕН КЕТТИ


Фидел Кастро бийликте калуудан баш тартты. Муну ал калкка арнап жазган атайын катында бышыктады. Билдирүү дүйшөмбү күнү кечке жуук мамлекеттик телеканалдан окулду, эртеси компартиянын органы Granma гезитинде басылды. Кубанын парламенти эмдиги аптада мамлекеттик кеңештин мүчөлөрүн жана анын төрагасын шайлайт. Байкоочулар бир ооздон Фиделдин ордуна иниси Раул Кастро дайындаларын айтып жатышат.

Фидел Кастро өз катында “мамлекеттик кеңештин төрагалыгынан жана армиянын башкы колбашчылыгынан” баш тартканын тастыктады. “Бу кызматтарга өзүмдүн талапкерлигимди көрсөтпөйм жана ал орундарга кайра шайлануу тууралуу сунуштарды да кабыл албайм”, - деп айтылат катта.

Кастро “өзүнө тагылган милдеттерин акыркы деми чыкканча аткарууну” көздөп жүргөнүн жашырган эмес,ошол эле учурда чоң күч-жигерди талап кылчу кызматтарды аркалаганга эми каркыны калбай калганын моюнга алган. Мындай шартта “кызматка жармашып, жаш ишмерлердин жолун тосуу чыккынчылыкка тете иш болор эле,- деп айтылат Кастронун катында.

Кастро быйыл сексен бирге кирди. Өмүрүнүн бири кем элүү жылын жалаң өлкөнү башкарууга арнады. 2006-жылы катуу ноокастап калып, ичегесине оор операция жасатты. Ошондон бери эл алдына чыга элек. Бийликтен кетиши мүмкүн экенин ал былтыр декабрда биринчи ирет каңкуу кылган эле.

Өткөн айда аны Улуттук жыйынга кайра депутат кылып шайлашты. Эмдиги аптада жаңы парламенттин биринчи сессиясы ачылат жана анда мамлекеттик кеңештин мүчөлөрү, анын төрагасы шайланат. Бул орунга Фиделдин иниси Раул Кастро көрсөтүлөрүн,буга кошумча армиянын башкы колбашчылык кызматы да ага өтөрүн байкоочулар калетсиз иш дешет. Агасы ооруп жыгылгандан бери анын бардык бийлик милдеттерин Раул Кастро аткарып келатат.

Фиделдин президенттик бийликтен баш тартканы баарыдан мурда Вашингтондун ырасмий чөйрөсүндө куш кабар катары кабыл алынат болуу керек. Президент Буш бул окуяны Кубада өткөөл мезгилдин башталганына жоруп, кубалыктардын демократияга өтүшүнө эл аралык коомчулук жардамдашууга тийиш экенин көрсөттү. Былтыр жайда Буш Кубадагы режимди алмаштыруу планын жарыялап,бул максатка 80 миллион доллар каражат бөлгөн эле.

Фиделдин бийликтен кеткени Кубанын “жаңыланышына” жана Евросоюз менен жакындашына жакшы шарт түзөт, деп билдирди европаламенттин депутаты Мартин Шулц. Ошол эле учурда ал Куба дагы көпкө чейин бир тууган Кастролордун бийлиги астында каларын да белгиледи.

Орус коммунисттеринин жетекчиси Геннадий Зюганов болсо Фиделдин чечимин “акылман жана каармандык кадамга” теңеди. “Кастронун доору бүткөн жок,Кастронун доорун иниси улантат”, - деп толуктады бул ойду Федерация кеңешинин спикери Сергей Миронов.

Майами университетинин эксперти Хайме Сучликки соңку эки-үч жыл бою Кастро кокус көзү өтүп кетсе ордун Руал ээлеп калсын үчүн инисин таптап,такшалтып келгенин белгилеп, эми ошондой өткөөл учур акырындап болсо да башталат деген ишенимин билдирди.

XS
SM
MD
LG