Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Түрк аскерлери Түндүк Ирактагы операциясын башташты


Түрк армиясынын билдиргенине караганда, түркиялык аскерлер күрд козголоңчуларына каршы операциянын алкагында 21-февралда Түндүк Иракка кирип барышты. Башкы штаб билдирүү жасап, аскерлер рейддин максаты ишке ашырылгандан кийин мүмкүн болушунча тезирээк кайтып келишет деп ырастады. Анын алдында аба күчтөрүнүн жана артиллериянын коштоосунда Күрттөрдүн жумушчу партиясынын (ПККнын) базаларына сокку урулган. Билдирүүдө операцияга тартылган түрк аскерлеринин саны аталбаганы менен, түркиялык NTV каналы 10 миң жоокер тууралуу сөз кылууда. АКШнын Ирактагы командачылыгы түрк аскерлеринин операциясы жөнүндө кабардар экенин билдирди. Анкара ПКК Түндүк Ирактагы базаларын Түркияга кол салуулар үчүн колдонууда деп айыптап келатат.

XS
SM
MD
LG