Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 02:59

12:05 Жеңил өнөр жайдагы чет өлкөлүк ири ишканалардын өкүлдөрү Кыргызстанга келет


Италия, Германия, Чехия, Кытай жана Түркия баштаган сегиз мамлекеттеги жеңил өнөр жай тармагына керектүү техникаларды чыгарган ири ишканалар өз продукцияларын Бишкекте өтчү “Мода өнөр жайы - 2008” көргөзмөсүндө сунушташмакчы. ”Легпром” ассоциациясынын деректири Сапарбек Асановдун “Азаттыкка” билдиришинче бул иш-чарага Кыргызстандан элүүдөй кийим-кече тиккен ишкана катышып, Казакстан жана Орусиядагы ишкерлер менен бир топ келишимдерге кол коюлушу болжолдонууда. C. Асановдун маалымдашынча азыр өлкөнүн жеңил өнөр жайындагы абал жаман эмес жана экспорт жылдан-жылга көбөйүүдө. Маселен былтыр Кыргызстанда тигилген кийим-кечелерди сыртка жөнөтүү мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге өскөн. Мода өнөр жайына арналган көргөзмө Кожомкул атындагы спорт сарайда 29-февралда башталып 4-мартка чейин уланат. (EBM)

XS
SM
MD
LG