Линктер

шейшемби, 17-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:11

17:30 Кыргызстан менен Иран мамлекеттик архивдик маалыматтарды алмашат


Буга байланыштуу протоколго бүгүн Кыргызстандын маданият жана маалымат министри Султан Раев менен Ирандын вице-президенти Али Акбар Аш Арийдин жолугушуусунда кол коюлду. Бул кызматташтык эки өлкөнүн китепкана жана архивдик иштерге байланыштуу маалыматтарды алмашуусуна өбөлгө түзөт, деп кабарлайт министрликтин маалымат кызматы. Султан Раев Ирандын вице-президентин Кыргызстандын байыркы тарыхын изилдөөгө жардам берүүгө да чакырды. Министрдин пикиринде Ирандын китепканаларындагы байыркы изилдөөлөр кыргыз окумуштууларына жакшы булак болуп бере алмак. (ZKo)
XS
SM
MD
LG