Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

8:28 Кыргыз-казак чек арасы боюнча парламенттик комиссия Каркырага барат


Бул тууралуу аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Мурат Жураев бүгүн «Азаттыкка» берген маегинде билдирди. Бул комиссия кыргыз-казак чек арасына байланышкан маселелер боюнча буга чейин Токмокто болуп келген. Мурат Жураевдин пикиринде, кыргыз-казак чек арасы боюнча келишимди Жогорку Кеңеш ратификациялабаш керек. Каркыра жайлоосундагы 630 гектардай жерге байланышкан маселе бир канча жылдан бери чечилбей турат. Кечээ өкмөттүн регинолдак маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов Казакстан ал жердин ордуна Санташ айлына жакын жерден 1100 гектар жер берүүгө макул болуп, эки мамлекет башчыларынын ортосунда 2003-жылы келишим түзүлгөнун билдирген. Мурдагы чакырылыштагы парламент бул келишим Кыргызстандын бүтүндүгүнө шек келтирет деген себеп менен аны ратификациялаган эмес. (SM)

XS
SM
MD
LG