Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

12:37 Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды иш менен камсыз кылуу боюнча долбоор ишке ашат


Бул тууралуу “Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар” кыймылынын жетекчиси Мирбек Асангариев “Азаттыкка” билдирди. “Жакында “Акак” социалдык тейлөө кызматы мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды иш менен камсыз кылуу үчүн атайын долбоорду ишке ашырган турат. Ал боюнча кыздарды кийим тигүү өнөрүнө, жигиттерди эмерек жасоо, жыгач менен иштөөгө окутуп, ишке орноштуруу каралган. Ушул тапта мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды иш менен камсыз кылуу үчүн мамлекет тарабынан чаралар көрүлбөйт. Алар өз алдынча эле иш издөөгө мажбур. Андыктан аларга көбүрөөк көңүл бурулса жакшы болоор эле”,-дейт Мирбек Асангариев. (AiJu)

XS
SM
MD
LG