-Бактыбек мырза, агенттик белгилеген 20 мамлекеттик мекеменин ичинен эң көп факт катталган Айыл-чарба, Билим жана илим берүү, Өнөр-жай, отун-кубат министрликтери экен. Коомчулукта коррупция көп аралашат деген ички иштер, бажы, каржы мекемелеринин көрсөткүчтөрү булардан азыраак экен. Коррупциялык көрсөткүчтөрдү агенттик адатта кандай тартип менен аныктайт?
-Агенттик өзүнүн комиссарынын буйругу менен бекитилген методологиянын негизинде мамлекеттик органдардын арасында эң коррупцияланганын аныктоо боюнча жылына эки жолу ушундай маалымат жарыялап турат. Жакында эле жыйынтыгын чыгардык. Ага ылайык, Айыл-чарба министрлиги биринчи орунга чыкты. Бул укук коргоо органдары берген маалыматка ылайык чыгарылды.
-Бийлик тепкичтеринде иштеген мамлекеттик кызматкерлердин аралашып-аралашпаганын аныктоо мехнизмдери барбы? Аны кантип аныктайсыздар?
-Министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери азыркы учурда Конституцияга жеткиликтүү маани бербей жатат десек болот. Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен 2005-жылы коррупция менен күрөшүү үчүн мамлекеттик стратегия кабыл алынган. Өткөндө биз уюмдар, мекемелер тарабынан анын аткарылышы боюнча жыйынтыгын чыгардык. Анда 59 иш-чаралар каралган, бийлик өкүлдөрү тарабынан анын болгону 47си гана аткарылган. Алтоо жарым-жартылай аткарылган, ал эми алтоо такыр эле аткарылган эмес. Бул 79 пайызды гана түзөт. Биздин бийлик өкүлдөрү коррупция менен канчалык деңгээлде күрөшүүгө маани берип жатканы. Биз коррупция менен жеткиликтүү маани берилбей жатканын айткыбыз келет.
-Бактыбек мырза, кечээ жакында премьер-министр Игорь Чудинов коррупцияга аралашкан деп, анын “Кыргызгазда” иштеген мурдагы кызматкери айыптап чыкты. Бул маалымат каражаттарынын бир тобуна жарыяланып кетти. Бул боюнча сиздерде кандайдыр бир арыз барбы?
-Бул боюнча бизге азырынча эч кандай арыз түшө элек.
-Маегиңизге ырахмат.
Сүрөт www.careerguide.com интернет баракчасынан алынды.