Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев Кызыл аскерде жайгашкан өрткө каршы кызматтын гаражына барганда ал жерде өрт өчүргүчтөр да унаалар да жок болуп чыккан. Ал жерди 2001-жылдан бери “Ак-Жалгасын-Ата” деген жоопкерчилиги чектелген коом ижарага алып, 2002-жылдан бери алкоголь ичимдиктерин чыгарып келген. Келишимде көргөзүлгөн айына 5 миң сом ижара акысы министрликтин кассасына түшкөн эмес. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымат таратты. Ошондой эле текшерүүдө “Дордой” базарында жайгашкан №2 өрт өчүрүүчү бөлүктүн жетекчилери дагы аянттын жарымын ижарага берип салышканы аныкталган. Ысыккөлдүн Тамчы айылындагы өрт өчүрүүчүлөрдүн 357,8 кв.м. эс алуу базасы үйгө менчиктештирилип, 8 га. жер участогун аталган кызматтын мурдагы кызматкери К.Жанталиев менчиктештирип алган. Бул иштер боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде атайын комиссия түзүлгөн. (AJ)