Иш таштаган жумушчулар завод ээлеринен ноябрь, декабрь айлары үчүн маяналарына кошуп январь айындагы эмгек акыларын берүүнү да талап кылышууда, бул тууралуу ишкананын профсоюз комитетинин төрайымы Авазкан Арзыкулова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында,жумушчулар 3-мартка чейин маяналарынын 50 пайызын, 5-мартка чейин толук төлөп берүүнү талап кылышууда. (AJ)