Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:56

К.НАКАЯМА: БАРЫМТАЧЫЛАРГА АКЧА БЕРБЕЙБИЗ ДЕГЕН ПРИНЦИПТИ КАРМАНГАНБЫЗ


Төрөкул Дооров, Токио Мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу 1999-жылдагы окуяда барымтачылардын колуна түшүп калган бир топ жапон геологдорун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/01/AC3C9C45-90FE-4B68-8385-7049B0DD71B2.asp бошотууда Жапониядан берилген 2,5 млн. долларды бийлик төбөлдөрү ич-ара бөлүштүрүп алышкан деп билдирди. Аны жапондор геологдордун бошотулганы үчүн бергени айтылды. Бирок ал маалыматты жапон бийликтери да четке кагышкан. Бирок ошол жылдары Жапониянын Өзбекстан менен Тажикстандагы элчиси болуп иштеген, өз учурунда жапон геологдорун барымтачылардын колунан бошотууга катышкан жапониялык депутат Кеко Накаяма (Kyoko Nakayama) айым барымтадагыларды бошотуу ишинде жапон элчилиги акча берүүнү караштырбаганын, бирок Кыргызстандын өзүндө ага байланышкан эмне окуя болгонун билбей турганын айтты.

Кеко Накаяма 1999-жылы Жапониянын Өзбекстандагы жана Тажикстандагы элчиси катары кызмат өтөгөн.

-Өзүңүздөр билгендей эле, 1999-жылы төрт жапон геологу менен бир кыргыз котормочусун барымтага кетишкен. Аларды барымтадан чыгаруу ишине мен да катышып калдым. Мен ал учурда Жапониянын Өзбекстандагы жана Тажикстандагы элчиси болчумун. Эсиңиздерде болсо керек, адамдарды батымтага Кыргызстандын аймагында алышканы менен, ал куралчандар өздөрү башка мамлекеттерде жайгашкан эле. Ал эми уурдалган адамдар бир күндөн кийин Тажикстанга алынып кетишкен.

Мен бул маселенин үстүндө Тажикстандагы жана Өзбекстандагы бир топ уюмдардын жана өкмөттөрдүн колдоосу менен иштей алдым. Бизге, мисалы, Кайра жаралуу партиясы аябай чоң колдоо көрсөттү. Бирок Кыргызстандын өзүндө мен эч кандай иш-аракеттерге аралашкан эмесмин. Анткени барымтадагыларды бошотуу боюнча иштер Өзбекстандагы жана Тажикстандагы тийиштүү тараптар аркылуу жүрдү. Ошон үчүн ал учурда Кыргызстандын өзүндө кандай окуялар болуп кеткенин, акча берилген-берилбегенин, ал кийин кандайча бөлүштүрүлгөнүн билбейм, ал тууралуу кабарым болгон эмес.


Элчи айым ал учурда жапон элчилиги барымтачыларга акча берүүнү натуура деп эсептегенин айтты:

-Ал учурда Өзбекстанда иштеген жапон элчилигинин ишмердүүлүгүндөгү негизги принцип барымтачыларга эч кандай акча сунуш кылбоо керектигине негизделген. Ал тапта фундаменталисттик күчтөр өтө активдүү болушкан эле. Бир эле жолу барымтадагылар үчүн акча сунуш кылсак, андай окуялар биринин артынан экинчиси уланып кетмек. Ошондуктан акча сунуш кылбайбыз деп чечтик.

Биз Баткен окуяларында барымтага алынган жапон геологдорун Өзбекстанда жана Тажикстанда бул маселеге кызыккан бүт тараптардын жардамы менен чыгара алдык. Бир топ адамдардын, алардын ичинде тажик президенти Рахмондун да, колдоосу менен бул проблема чечилди. Жапон эли ушул адамдарга жана сиздердин элдерге бул жардам үчүн ыраазычылыгын билдирет.


Накаяма айым азыр жапон парламентинде депутат жана аны бул жакта Борбор Азия аймагы боюнча негизги адис деп билишет. Борбор Азия регионуна Жапониядан туристтерди тартууда болсо ал региондун өзүнөн да, жапон тараптан да аракеттер зарыл болоорун айтты.

XS
SM
MD
LG