Ушул саатка алынган маалыматтарга караганда, Орусиянын Кыргызстанда жүргөн 3200 жараны добуш берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Пасохин билдирди. Добуш берүү Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында өтүп жатат. Шайлоо участогу бүгүн эртең мененки саат сегизде ачылып, туура кечки саат сегизде жабылат.(MSu)