Расмий бийлик талибан согушкерлери Кандагардагы негизги телекоммуникация мунарасын өрттөп, ал эми коңшу Гельмендеги байланыш борборун кыйратып салышканын маалымдады. Өткөн жумада Талибандардын өкүлү эгер мобилдик байланыш компаниялары алардын сигналын түндө өчүрүп койбогондо эки мунараны тең жардырып жибермектигин билдирген. Талибандар АКШ жана башка чет элдик аскерлер алардын изин телефон сигналы аркылуу кууп, жок кылууга аракет жасап жатат, деп айтышууда. (ZKo)