Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:34

15:10 Кыргызстан сугат маалында коңшулардын муктаждыгын канааттандыра албайт


Мындай маалыматты бүгүн Өнөр жай, энергетика жана отун-суу ресурстар министри Сапарбек Балкыбеков Бишкекте өткөн “Суу энергетика мамилелери: кырдаал жана көйгөй” деген тегерек үстөл жыйынында билдирди. Анын айтымында, азыр Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 200 миллион кубметрди түзүп, кооптуу кырдаалга кептелтчү 5 миллиард кубметрлик ченемге жакындап турат. “Ушундан улам сугат маалында коңшуларга зарыл көлөмдөгү сууну бере албайбыз”,-деген Балкыбеков мындай чечимге Өзбекстан ниетин билдире электигин, Казакстан биргелешип талкуулоого даяр экендигин кабарлады. Сууну пайдалануу боюнча коңшулар менен мамилени тактоо үчүн өкмөт алдыдагы беш жылга өкмөттөр аралык макулдашуу түзүүгө даярданып жаткандыгын жана анда суунун аз, көптүгүнө карабай коңшулардын бардык учурда бирдей шарттарды аткаруусу аныкталаарын билдирди. (BD)

XS
SM
MD
LG