Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Аба ырайы: 5-мартта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт


Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 5-мартта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт, бир гана кечкуруун Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында жаан-чачын болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20 градус.
Талас, Баткен, Жалалабат, Ош дубандарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18 градус болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…+9 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5 градус.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +17…+19 градус.

XS
SM
MD
LG