Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

7:15 Бул аралыкта Майлысуудагы шам заводунда иш таштоо уланууда


Аталган заводдун профсоюз комитетинин жетекчиси Авазкан Арзыкулованын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча жетекчилик ноябрь айынын эмгек акысын төлөп аягына чыгып калды, мындан тышкары бүгүн жумушчуларга айлык акынын эсебинен ун таратууну убада кылган. Ал эми жумушчулар 21-мартка чейин үч айдын маянасын толук төлөп берсин, деп талап кылышууда. Кечээ иш таштаган жумушчуларга Майлысуу шаарынын жаңы шайланган мэри келип жолугушкан. Авазкан Арзыкулова иш таштоо бүгүн да уланарын кошумчалады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG