Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:58

15:45 ”Кылым шамы”: “Кылмыш иш ачуу милицияны жоопкерчиликтен жазгыруу”


“Кылым шамы” укук коргоо уюму мындай билдирүүнү Нарын шаарындагы убактылуу кармоо жайында каза болгон Адилет Байтемировдун туугандарына каршы кылмыш ишин ачууга байланыштуу таратты. Нарын облустук ички иштер башкармасы кечээ А.Байтемировдун туугандарына карата “өкмөт өкүлдөрүнө басым кылып, мүлккө залал келтирди” деген айып менен кылмыш иши ачылгандыгын билдирген. “Кылым шамы” уюму муну тартип коргоо органынын жооптуу адамдарын жоопкерчиликтен жазгыруу деп баалап, Нарын шаарынын прокуроруна кылмыш иши эмне үчүн дароо ачылган эмес, басым жасалгандыгы тууралуу укук коргоочуларга эмне үчүн мурда кабарланган эмес деген суроо салды. Мал уурдады деген шек менен абакка алынган 18-жаштагы Байтемировдун 14-февралда муунуп өлгөн сөөгү абактан табылган. Абакты барып көргөн укук коргоочулар анын өзү муунуп өлгөнүнө да ишенбей жатышат. (BD)

XS
SM
MD
LG