Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:08

КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫ ДА КЫМБАТТООНУН ҮСТҮНДӨ


Кыргызстандын базарларында курулуш материалдарынын таңсыктыгы пайда болууда. Бул албетте баанын өсүүсүнө алып келип жатат. Курулуш материалдарынын кымбаттаганынан улам аз айлык менен жашаган жарандар турак-жай тургузуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албай жатышкандыгын айтышууда. “Азаттык” үналгысынын “Адам жана базар” аттуу экономикалык түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы мына ушул маселеге арналды.

Азык-түлүк бааларынын өсүшү менен бирге эле курулуш материалдары да болуп көрбөгөндөй кымбаттоодо. Байкоочулар мындан тышкары курулуш материалдарынын таңсыктыгы пайда болгонун айтышууда. Буга бир жагынан акыркы убактарда күчөгөн ири курулуштардын көбөйүшү, айрым маанилүү курулуш материалдарынын монополисттердин колунда болуп жатканы таасирин тийгизүүдө, дешет алар.

Алсак ушул тапта эле борбор калаанын айланасына ондон ашуун кичирайон тургузулуп жатат, дээрлик бардыгына 12-16 кабаттуу үйлөр курулат. Бирок ири курулуштардын күчөшү жөнөкөй там тургузууну каалаган карапайым жарандар үчүн терс таасирин тийгизүүдө. Көп кабаттуу үйлөрдүн көп курулганы менен турак-жай баалары арзандап кеткен жери жок, бүгүнкү күнү борбор калаадагы 1 бөлмөлүү квартиралардын орточо баасы 50-60 миң доллар болууда.



Сатып алуу мүмкүн эмес, кепе тургузуу да оор болуп калды

Ушул тапта турак-жайдын чексиз кымбаттап кеткенинен даяр үй сатып алуу жаш үй-бүлө курган катардагы жарандар үчүн мүмкүн эмес. Ал эми 2-3 бөлмөлүү там тургузуп алуу да бул күндө курулуш материалдарынын кымбаттыгынан улам оор болуп калды. Бишкектин көчөлөрүнөн сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө биз сөзгө тарткан маектештер муну бир ооздон билдиришти. Өзүн Баатырбек деп тааныштырган айдоочу турак-жай тургузуу үчүн участок алганын, бирок ага там тургузууга каражаты жетпей атканын айтты:

-Участок алып койгонбуз эки жыл мурун, бирок эмгиче сала албай, батирлеп жүрөм. Үй салмак турсун, күнүмдүк тамак-ашка араң жетип атат.

Бакас аттуу маектешибиз айлык менен пенсияга бирин-экин кошумча кошкону менен, баалар асмандап жатканы карапайым адамдар үчүн оор болуп атат, дейт:

-Сала албайт, кирпич он сомго чыгып атса, кайдан салат? Эптеп топурактан тургузуп алышат анан, анысы кудай сактасын, бир нерсе болсо кулап калат. Көрүп атпайбызбы, жер титиресе биринчи ошол топурак тамдар кулады. Үйдү дагы арматура менен, жер титирөөгө туруштук бере турган кылып, бышык кыш менен тургузгуң келет да. Ал үй балдарга да калыш керек.

Курулуш материалдары Ош, Жалалабат аймактарында да кымбат болуп жатат. Ушул тапта цементтин 1 тоннасы 7 миң сомдон ашык, 1 машина таш менен кумдун баасы 1-2 миң сом болууда. Туштүктөгү коомчулуктун пикири боюнча курулушту Орусия, же Казакстанда, же бизнес чөйрөсүндө иштеп, көп акча тапкандар жүргүзөөрү ыктымал. Өлкөдөгү өп-чап айлык менен үй-жай куруу мүмкүн эмес. Көп балалуу жана уулу үйлөнгөн ата-энелер аларга каражаттын тартыштыгынан улам эски-уску жыгачтарды пайдаланып, сокмо дубал менен баш паанек куруп беришет.



Турмушка жаны аттанып, өзүнчө түтүн булатмак болуп жаткан Жалабаттык жаш тургун Замирбек Садиров уй курууга жер бөлдүрүп, болочок турак-жайынын долбоорун да чийдирип койгон:

-Турат ошол боюнча, баалардын кымбаттыгынан жана маянанын аздыгынан үй-жайды 10-15-жылда аран бүтүрөт окшойм. Бир машина кум миң сомдон ашык, бир машина таш 3-4-миң сомго барат. Аны да табуу кыйын, -дейт Замирбек Садиров.

Жалалабаттагы курулуш базарында мыктан тартып, эски кыш, айнек-терезе, каалга, шыйпырга дейре сатылат. Жыгач,тактай,шифер, күлбото жана башка материалдар ишкерлер аркылуу бөлөк жактардан ташылып келинет. Жол кире акысына курулуш тетиктерине 10-15-сомдон баа кошулат.

Базардын деректири Нурдин Жалаловдун айтымында, бул жерде Орусиядан ташылып келген бир чарчы метр тактайдын баасы былтыр 15 миң сом болсо, азыр 12 миң сомго бааланууда. Кант шаарынан келген цементтин бир кабы 350 сом, тоннасы 7 миң сом экендигин курулуш тетиктерин саткан ишкерлерден сурап билдик.Талас жана Ысыккөл облустарынан ташылып келинген жыгач-теректердин бир даанасына 800-950 сом сурашууда. Бузулган эски курулуштардын кыштарынын бир даанасы 4-5 сом болууда. Бышкан кирпичтердин баалары былтыркыдай эле, даанасы 5-6 сом. Себеби кирпич чыгаруучу ишканалар Жалалабат аймагында көбөйүүдө.



Бааларды токтотуу мүмкүн эмес, реформа жасаш керек

Курулушчу адис, ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаевдин айтуусунда, курулуш материалдарынын баалары мындан ары дагы кымбатташы ыктымал. Бул көрүнүштү күчтөп токтотууга болбойт, дейт адис:

-Муну күчтөп токтото албайбыз, анткени баалардын өсүшү жалпы дүйнө жүзүндө болуп жатат. Бирок мамлекет бул багытта атайын программаларды иштеп чыгып, реформаларды жүргүзүү менен карапайым жарандарга, социалдык багытта иштеген адамдарга жардам берип, алардын турак-жай менен камсыз болуусуна шарт түзүп бере алат. Банктар менен сүйлөшүү аркылуу аларга жеңил үстөгү менен узак мөөнөткө насыя акча берүү керек. Ипотекалык принциптерди ишке киргизүү зарыл. Бул - дүйнөлүк практика. Ал үчүн өлкөнүн экономикасы да өнүгүүгө тийиш, бул мамлекеттин системалык реформалык саясаты менен байланыштуу, -дейт Осмонбек Артыкбаев.

Адистердин айтуусунда там тургузууга керек болгон негизги курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалар монополисттердин колунда турганы да баанын өсүшүнө алып келет. Акыркы эки-үч жылдан бери Кант цемент шыйпыр комбинаты чыгарган продукциясынын көпчүлүк бөлүгүн сыртка экспорттоп жатат, деген айыптоолор комбинаттын дарегине айтылып келет. Кыргыз өкмөтү негизги курулуш материалдары болуп эсептелген цемент-шыйпырды экспорттоону чектөөгө аракет кылып, бирок андан жарытылган майнап чыкпаганы белгилүү.

Замира Кожобаева, Бишкек
Ырысбай Абдраимов, Жалалабат
Мира Аманбаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG