Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

14:15 “Ата Мекендин” жаш канаты слет өткөрүүгө камынууда


Партиянын маалымат катчысы Жоомарт Сапарбаевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча бул иш-чара март айынын аягында өткөрүлөт. Алгач облустарда уюштурулуп, жыйынтыктоочу слет Бишкекте болот. Анда “Ата Мекен” партиясынын жаш канатынын курамы, жүргүзүүчү саясаты, ишке ашыруучу аракеттери тууралуу кеп болот. Мындан тышкары мамлекеттеги саясий-социалдык, экономикалык маселелер козголот. Менчиктештирүү жараяны, чегара маселелери, жаштардын көйгөйлөрү, келечек тууралуу талкуулар уюштурулат. “Жер-жерлердеги слеттун жүрүшүндө партиянын жаш канатына мүчөлөрдү кабыл алуу жүргүзүлөт. Бийлик тарабынан бут тосуулар болуусу турган иш, бирок ага карабай ишти уланта беребиз,” дейт Жоомарт Сапарбаев. “Ата Мекен” партиясынын жаш канатынын 2000 ден ашуун мүчөсү бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG