Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

10:30 Президент Курманбек Бакиев Өмүрбек Субаналиевдин ишин мактоого алды


Президент Курманбек Бакиев Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Субаналиевдин карыздарды мамлекетке кайтаруу боюнча жасап жаткан аракетин баалап, башка облустардын башчылары Нарын губернаторунан үлгү алышса болорун белгилеген. Президенттик маалымат кызматынын кабарлоосу боюнча ушул тапта Германияда кыска мөөнөттүк өргүүдө жүргөн мамлекет башчы Курманбек Бакиев кечээ телефон аркылуу губернаторлор менен байланышып, жүрүп жаткан иш тууралуу маалымат алган. Сүйлөшүү учурунда Нарындын губернатору мамлекеттен насыяга берилген акчаларды негизинен мамлекеттик кызматкерлер жасалма күрөө аркылуу алып жүрүшкөндүгүн, ушул тапта алардан акчаны мамлекетке кайтарууга катуу аракеттер жүрүп жаткандыгын маалымдаган. Губернатордун айтуусунда бүгүнкү күнгө чейин 6,5 млн сом мамлекетке кайтарылып, айрым кызматкерлер иштен алынган, кээ бирлерине эскертүү берилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG