Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

АЛТЫНЫҢ АФРИКАДАБЫ, КЫРГЫЗ?


Бүгүн жарыкка келген “Де-факто” гезити, “Эки ай мурда жерге берилген Сабырдын сөөгүн эмнеге уурдап кетишти?”, “Өмүрбек Текебаев шайлоого даярдыкты баштады”, “Бүткүл Кыргызстан светсиз калганы турат”, “Кыргызстан Кумтөрдөн 7,5 миллиард доллар жоготту” деген, “Агым” гезити “24-март 2005-жыл революциябы же сарай көңтөрүшүбү?” деген,“Аалам” гезити “Оппозиция биригет”, “Кыргыздар Ата Мекендик согушка караганда Үркүндө көп өлгөн” деген, “Кыргыз туусу” гезити “Жугуштуу оорулар улут тукумуна балта чапканы калды же саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаикан реформанын үзүрү кайда?” деген өзөктүү темаларды 1-беттерине алып чыкты.

“Кыргызстан Кумтөрдөн 7,5 миллиард доллар жоготту”, бул тууралуу кечээ вице-спикер Кубанычбек Исабеков билдирди. “Кумтөр” казыла баштагандан бүгүнкү күнгө чейин канадалыктар 18 тонна алтынды чыгарып кетишти. Соңку жылдары дүйнөлүк рынокто алтындын баасы 11 эсеге кымбаттады. Баса, 2004-жылдын 24-июнунда "Кумтөр” компаниясы “Кыргызалтынга” 11 миллион доллар төлөгөн. Ошол кездеги өкмөт башчысы Н.Т.Танаевдин буйругу менен бул оңбогондой акча Африкадагы белгисиз бир офшордук аймакка которулуп, азыркыга чейин анын дайыны жок. Бул боюнча Танаевге кылмыш ишин козгоду эле ал туш-тушка берген интервьюсунда “Ал документтерге андагы ажонун уулу Айдар мени күчкө салып, зордоп кол койдурган болчу” деп буркурап турган чагы деп жазды “Де-факто” гезит баяндамачысы Жолдошбек Зарлыкбеков.

“Токтогул ГЭСинде агрегаттар токтогону турат, бул деген элдин көбү светсиз калат дегенди билдирет” деп айтты Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, кесиби боюнча энергетик Раимбек Мамыров ушул эле гезит аркылуу курган аңгемесинде. Акыркы жылдары электр энергиясынын экспортко болгон баасы төмөндөп кеткен. Аны жок эле дегенде 3 центке көтөрүү зарыл. Республикадагы чоң-чоң мекемелер эмдиги кышка карата ушу баштан кошумча отун камдашы керек. Азыртан аракет кылбаса, келерки кыш абдан оор болот. Анткени суунун ГЭСтеги көлөмү 2-3 миллиард кубга азайып кетүүсү ыктымал деди ал.

“Агым” гезити “Американын Манас аэропортундагы “Ганси” авиабазасын өлкөдөн чыгаруу демилгеси кайрадан көтөрүлө баштады. Буга сиздин пикириңиз кандай?” деп сураганда, экономика илими доктору, профессор Айылчы Сарыбаев: "кандектин пилге үргөнүндөй эле кеп. Айрыкча Америка, Орусия, Кытай сыяктуу ири державаларга асылуунун кереги жок", - десе, академик Абдыганы Эркебаев, жеке эле Американыкы эмес Орусиянын да авиабазасы жайгашкандыктан тышкы саясатка келгенде терең ойлонуп иш алып барган жакшы деп, “Медиа өкүлдөр” институтунун деректири Илим Карыпбеков, бул дипломатиялык деңгээлде чечиле турган маселе деп, саясат таануучу Жыргалбек Турдукожоев, ачыгын айтканда бул жерде саясый оюн жүрүп жатат. Америкалык авиабазанын биздин өлкөгө пайдадан башка зыяны жок Ошондуктан мындай демилгелерге каршымын, колдобойм деп жооп беришти.

“Аалам” гезити үстүбүздөгү жылдын 17-мартында Аксынын Каражыгач айылында аксы окуясы боюнча элдик сот өтө турганын эске салуу менен анын курамына 7 облустун ар биринен үчтөн өкүл кирип, бардыгы 21 адамдан турарын, Аксы каргашасынан жабыр тарткандардын адвокаты Сартбай Жайчибековдун айтымында, бул окуяга тиешеси бар күнөөлүү делгендердин баарына чакыруу жөнөтүлгөнүн, алардын айрымдары: Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Осмонакун Ибраимов, Темирбек Акматалиев, Чубак Абышкаев, Аманбек Карыпкулов, Болот Жанузаков, Курманбек Осмонов, Шермамат Осмонов, Калмурат Садиев, Садырбек Дубанаев, Калык Иманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Мисир Ашыркулов жана башкалар деп ушул адамдардын аттарын тизмеледи.

Ал эми ушул эле гезиттин баяндамачысы Үсөн Касыбеков өзүнүн “Азык-түлүк баасы кымбаттайбы же Жапаровдун дагы калпы” деген макаласын өлкөдөгү азык-түлүк маселесине арнап, 2008-жылдын түшүмүнө дагы 6 ай бар, министр Арстанбек Ногоев берген рецепт менен ай сайын 24,4 миң тонна буудайды ички рынокко үзгүлтүксүз интервенция кылып турганда деле бери болгонддо 134,4 миң тонна буудай талап кылынат. Бул болсо каржы министри Акылбек Жапаров бетине кармаган мамлекеттик резерв кампасындагы 60 миң тонна буудай бүрккөнгө да түтпөйт дегендикке жатат. Кошумча 50 миң тонна сатып алган күндө деле ал элдин керектөөсүн камсыз кыла албайт. Бир сөз менен айтканда чиновниктер оз шалаакылыктарын, иш билбестиктерин жаап-жашыруу үчүн элди башын маң кылып жатканы айдан ачык деп баяндады.

Базарлардан сырткары ар кайсы жерлерде сатылып жаткан сүт азыктарын, этти текшерген эчким жок. Малдан жуккан эхинококоз мурда адамдын боорунда болуп келсе азыр адамдын мээсинен, ал тургай сөөгүнөн табылып жатат. Кийинки кезде бул оору менен шаардыктар да ооруй баштады. 2007-жылдын 11 айында эле ушундай дартка кабылган 650 адам катталса, анын 22,7 пайызы жаш балдар болгон. Акыркы кездери Түндүктө бурцеллез дарты күчөсө, Түштүктө ВИЧ/СПИД деген балакет тамырын жайууда деп белгилеген “Кыргыз туусу” гезитинин кабарчысы Бермет Мааткеримова, союз убагында калктын саламаттыгын сактоого өзгөчө көңүл бөлүнүп, дарылоо бекер болгону аз келгенсип, элеттеги айыл-ападан бери врачтар кыдырып, эмдеп-чомдоп, рентгенге тартып, көзөмөлдөп турчу эле, азыр болсо акчага байланган заман, бирок адамдын ден соолугу анын жеке керт башынын гана байлыгы болбостон мамлекеттин да байлыгы экендигине мамлекет өзү, биринчи иретте саламаттык сактоо министрлиги өзү көңүл буруусу керек деп жазды.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG