“Менин Кыргызстаным” деп аталган таймаштарга борбор калаанын жогорку окуу жайларынан 16 команда катышат. Дебаттар кыргыз тилинде өтүп, аларда маанилүү проблемаларды чечүү жолдору талкууланат. Иш-чара 16-мартта Борборазиядагы америкалык университетте өткөрүлөт. Кыргызстанда дебаттык кыймыл 1996-жылы башталып, бул убакытта талкууларга 16 миң адам катышты. (JTo)