Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

14:21 «Ак жол» фракциясы пансионаттар боюнча чечим кабыл алган жок


Бул тууралуу фракциянын мүчөсү Кабай Карабеков билдирди. Анын айтымында, фракция мүчөлөрү өкмөттөн Казакстан өз менчигине алууга аракеттенип жаткан пансионаттар боюнча документтерди толук алып келүүнү талап кылды. Негизи биз пансионаттар боюнча келишимди кайра карап көрсөк болот, деп белгиледи Карабеков. Депутаттын пикиринде, эгерде төрт пансионат Казакстанга берилсе, анда ошондой эле талап менен Өзбекстан да чыгат. СССРдин мезгилинде курулган социалдык обьектердин бардыгы кайсы республикада болсо, ошол республиканын менчигине айланып калган. Ал эмес стратегиялык обьект болгон Байкоңур да Казакстандын менчигине өткөн. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык комитети пансионаттарга байланыштуу маселени келерки жумада карайт,-деп кошумчалады Каабай Карабеков.(AiT)

XS
SM
MD
LG