Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:41

АЯЛДАРДЫН УКУГУ КӨҢҮЛ ЧОРДОНУНДА


Алишер Токтонбаев, Ош Ош облусунда 10 чакты бейөкмөт уюм биригип, кыргыз кыз-келиндеринин жарандык активдүүлүгүн жогорулатып, коомдук жана мамлекеттик жумуштарга аралашуусуна шарт жаратууга киришти. Бийликтегилер мындай камкордук дайыма эле болуп келгендигин айтып актанышса, аялзатынын өкүлдөрү айымдардын жогорку кызматтарды ээлеши коррупциянын кыскарышына мүмкүнчүлүк түзөт деген ишеничте.

Ош облустук статистика комитетинин маалымдашынча, аймактын калкынын саны учурда 1 миллион 65 042 кишиден ашты. Анын 49,9 пайызын аялзаты түзөт. Өкүнүчтүүсү, айымдардын басымдуулугу айыл чарбасында оор жумуштарда эмгектенсе, калганы чет өлкөлөрдө соода-сатык менен алек.

Жаңы уюшулган «Аялдар демилгелери аракетте» кыймылынын жетекчиси Жылдыз Ысманова өлкө жетекчилигинин каалоосунун жоктугунан Кыргызстандагы гендер боюнча улуттук программа кагаз жүзүндө калып кеткендигине кейип, ишти Еврокомиссиянын каржылоосу аркасында элет жеринен баштоого киришкендигин ачыктады:

- Ал жерде гендердик, улуттук программа болгон. Финансылык жактан жакшы координацияланбагандыгынанбы көп программалар иш жүзүнө ашпай калып атат. Президенттин указы менен кайрадан гендер боюнча улуттук программа жаңыланды. Көпчүлүк программалар айыл жергесинде, борборлордо, шаарларда кагаз жүзүндө эле калып кетип атат.

«Голден гоал» бейөкмөт уюму кыз-келиндердин укуктук сабатын жоюуга жардамдашат. Себеби соңку жылдары саясатчылар аларды менчигиндей урунуп, жеке кызыкчылыктарына курал катары пайдаланган фактылар арбын:

- Аялдарга укугун үйрөтүү, граждандуулукта активдүүлүгүн көтөрүү максатында биз ушул долбоорго кошулдук. Мен билем көп аялдар өз укугун билбей, саясатка жакын болгон адамдар аялдарды манипулировать этип атат. Андан тышкары ошол аялдар инструмент катары колдонулуп жатат, - деди «Голден гоал» бейөкмөт уюмунун төрагасы Алишер Мамажанов.

Ош облус губернаторунун орун басары Болот Бүргөев улуттук программалар дурус эле аткарылып, түрдүү кызматтарга аялзатынын өкүлдөрү кеңири тартылып жаткандыгын эске салды:

- Аялзат программасы такыр эле иштебей калды деген болбойт. Азыр 24 аял депутат болду, ошондой эле айыл өкмөттөрдүн арасында айыл өкмөт башчылары аялдар бар, губернатордун бир орун басары аял, көпчүлүк райондордо акимдин орун басарлары аялдар, мына азыр министр аялдар да бар.

Алай районунун тургуну Зинакан Пасаңова айымдар оор иштерге чегерилип, көр тирликтен башы көтөрүлбөй жаткандыгына кыйла күйүндү. Эгерде алардын илим-билимдүү өкүлдөрү коомдук жана мамлекеттик кызматтарга көбүрөөк тартылса, социалдык көйгөйлөр жеңилдеп, коррупция кыйла кыскармак деген үмүттө:

- Айыл чарбасындагы оор жумуштарга аялдар көбүрөөк тартылган. Айыл жеринде аялдар көбүнчө пахтада, тамекиде иштешет дагы, коомдук иштерге аралашууга алардын убактысы да аз. Мамлекеттик жумушка аялдар көбүрөөк тартылыш керек. Себеби бул социалдык көп маселелердин туура, өз убагында чечилишине алып келет. Аял киши кичине уяттуурак болуп, беш колун салып жеп-ичкенден алысыраак болот деп ойлойбуз. Экинчиден, иштермандык каситеттер аял кишиде көбүрөөк болот.

XS
SM
MD
LG