Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

18:09 Быйыл нан менен ахвал былтыркы жылдан да кыйын болуп калышы мүмкүн


Мындай пикирин “Азаттыкка” академик Жамин Акималиев билдирди. Анын айтымында, өкмөт былтыркы нан кризисинен эч кандай тыянак чыгарган жок. “Биздин шартта жаздык буудайга караганда күздүк буудайдын түшүмдүүлүгү дээрлик 30 пайызга жогору, андыктан жок дегенде 300 миң гектар жерге күздүк буудай сээп коюу керек деп, биз, окумуштуулар, сунуш киргиздик эле. Бирок иш жүзүндө 200 миң гектарга жетпеген аянт гана себилди. Көл кылаасында, Чүйдө түшүмдү мол берчү аянттар ээн калып, биз быйыл 30 пайыз буудай түшүмүн жоготуп алдык. Бирок азыр деле кеч эмес. Өкмөт быйыл 175 миң гектарга буудай себилет деп жатат. Жылдык муктаждыкты камсыздоо үчүн бир миллион тоннага жакын буудай керек. Андыктан быйыл буудай 250 миң гектардан кем эмес аянтка себилиши зарыл”, - деди Жамин Акималиев. (JTo)

XS
SM
MD
LG