Бул тууралуу Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын башчысы Уснидин Жарматов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында Кадамжай шаарчасы Өзбекстандын Фергана облусуна жакын болгондуктан, учурда ал жактан 50 мл имунноглобулин алынып келинген. Ошондой эле Баткен облустук санэпидкөзөмөл борборунан 30 куту кокав дарысы Кадамжайга жөнөтүлгөн. Окуяга байланыштуу Бишкектен Республикалык имунндук борбордон имунноглобулин учак аркылуу алынып келиниши күтүлүүдө. Бүгүн эртең менен Кадамжайдын Тамаша айылынын алты тургуну карышкырга таланып, райондук ооруканага жаткырылган болчу. (SA)