Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Иран Евробиримдиктин бул жердеги парламенттик шайлоого берген баасын айыптады


Еврошаркет Иранда 14-мартта өткөн шайлоону "же адилет, же эркин эмес" деп атаган эле. Иран тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мохаммед Али Хоссейни Евробримдиктин билдирүүсүн "шашылышын, саясий жүйөөсү бар жана кабыл алынгыс" деп баалады. Азыркы маалыматтарга караганда, өткөн аптадагы шайлоонун натыйжасында парламенттеги орундардын көбүн консерваторлор алды, бирок президент Махмуд Ахмадинеджаддын жактоочуларынын үлүшү төмөндөдү. Шайлоо алдында талапкерлердин 1979-жылы Ислам революциясынын идеяларына берилгендигин текшерүү учурунда реформачыл талапкерлердин жарымынан көбү жарыштан четтелиген.

XS
SM
MD
LG