Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

9:25 АКШнын аскерий базасын чыгаруу талабы менен пикетке чыккандар айып пул төлөйт


17-мартта кечинде Биринчи май райсоту коомдук тартипти бузду делип айыпталган «Айкөл Манас жана Сергий Радоженский» фондунун жетекчиси Игорь Трофимовго эки миң сом, аны менен пикетке чыккан дагы экөөнө бир миң сомдон айып пул төлөтүү чечимин чыгарды. 17-мартта саат он бирлерде «Айкөл Манас жана Сергий Радоженский» фондунун мүчөлөрү «Янки гоу Хоум», «Американын базасы кетсин» деген плакаттар менен тышкы иштер министрлигинин алдына пикетке чыгышкан. Пикет башталгандан он мүнөттөй убакыт өткөндөн кийин Биринчи май райондук милиция кызматкерлери келип, аларды кармап кеткен.(AJ)

XS
SM
MD
LG