“EdNet” жогоркуу окуу жайлар ассоциациясы жүргүзгөн изилдөө ушундай жыйынтык берген. Уюмдун аткаруучу директору Наталья Брагинанын айтымында кадрдык саясатты чукул арада колго албаса, абал дагы да начарлашы мүмкүн. “Кадрдык кризисти жөнгө салуу үчүн биринчиден, илим жана өнөр жай тармагындагы ишмердүүлүктүн кадыр-баркын жогорулатуу зарыл. Экинчиден, материалдык шарттарды жакшыртуу керек. Үчүнчүдөн, кадр саясаты боюнча бирдиктүү мамлекеттик стратегия иштеп чыгуу зарыл. Мындан тышкары квалификациялуу адистердин чет өлкөлөргө кетип жатышын токтотуу боюнча мамлекеттик денгээлде чаралар көрүлүшү зарыл”,-дейт Наталья Брагина.(AiJu)