Жыйында мамлекет тарабынан бүтүрүүчүлөргө болгон суроо-талап, билим алуунун акысы, жогорку билим берүү системасын каржылоонун жаңы шарттары, “Он топ менеджер” программасы талкууланат. Жогорку окуу жайлардын башын бириктирген “EdNet” ассоциациясы уюштуруп жаткан бул талкууга экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров, өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын ректорлору жана жоон топ эксперттер катышаары кабарланууда.(SM)