Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

16:20 Бишкектеги мектеп окуучулары арасында ишкерликтин негиздери боюнча мелдеш өттү


Алты мектептин окуучулары катышкан бул иш-чара жогорку класста окугандардын экономикалык билимин өркндөтүүгө багытталган. Мелдеш Борбор Азиядагы Америка университетинин эркин ишкерликтеги студенттер (SIFE) командасы тарабынан уюштурулуп, окуучулар алдын ала бир нече ай даярдыктан өтүшкөн. Алар өздөрүнүн ишкер долбоорлорун сунуштап, долбоорлор бизнес идеяны иштеп чыгуу, түзүү, сунуштоо, лидерлик сапат сыяктуу көрсөткүчтөр аркылуу бааланган. Уюштуруучулардын бири Асыл Жумашеванын айтымында, мектеп окуучулардын көпчүлүгү экономикалык ишмердүүлүк, компанияны кантип каттоодон өткөрүү керек, бизнес планды кандайча түзүү керектиги тууралуу түшүнүгү жок. Ошондуктан мындай мелдештер аларды экономиканын негиздери менен таанышытырып, азыркы ишкерлик жүргүзүүдөгү маселелерди чечүүгө жардам бермекчи. Америка университетинин SIFE командасы дал ушундай мелдешти жаз айынын этегинде Борбор Азия чөлкөмүндөгү окуучулары арасында өткөрүүнү болжоп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG