Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:35

17:40 Бүгүн шаар мэри Д. Үсөнов Москва өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушту


Шаар жетекчилигинин басмасөз кызматынан маалымдашкандай, мэр Д.Үсөнов Москва өкмөтүнүн эл аралык байланыштар департаментинин башчысынын орун басары Борис Силаев башында турган топ менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда Бишкек шаар башчысына Москва шаарынын мэри Юрий Лужковдун атынан апрель айынын башында өтө турган «Мегаполис ХХI кылым» эл аралык форумга чакыруу кагазы тапшырылды. Ошондой эле эки шаар ортосунда кызматташууну өркүндөтүү жаатында долбоорлор ийгиликтүү иштеп атканы белгиленди. Б. Силавдин билдиргенине караганда, эртең алар Бишкекте курулуп аткан «Московия» объектисинин пайдубалынын түптөлүшүнө катышышат.(MSu)

XS
SM
MD
LG