Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:49

09:36 А.Сарыбаев: Электр энергиясына бааны көтөрүү – тармакты менчиктештирүү аракети


Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев “Азаттык” үналгысынын кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, калктын жонунан кайыш тилгенден көрө, энергетика тармагынын аткаминерлери алгач бул тармактагы чыгымды азайтуунун камын көрүшсө жакшы болмок деген пикирин билдирди. “Электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшү – ошол электр энергиясына кеткен чыгымдарды азайтуунун ордуна аны көбөйтүп, анан тарифти көтөрүп, кайра банкрот деп жарыялап, эптеп оңой жол менен менчиктештирип алуунун айласы. 13% кымбаттатуу – жөн гана шылтоо, элге каршы мамлекеттик системанын ойлоп тапканы. Элден мурун чыгымды азайтып, өндүрүштү көбөйтүү керек”, - деди экономист Сарыбаев. (MSu)

XS
SM
MD
LG