Кыргызстандын миграция жана иш менен камсыз кылуу мамлекеттик комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулованын айтымында, ишке жарамдуу жарандардын өлкөдөн башка мамлекеттерге иш издеп кетиши басаңдаган жери жок. Бирок, акыркы эки жылда бир аз азайган менен такыр токтотууга чама аз. Ушундан улам акыркы жылдары 100 миңдеген кыргыз атуулдары Орусиянын жарандыгын алууга мажбур болушту. Айгүл Рыскулова мындай пикирин цивилизациялуу тышкы эмгек миграциясын калыптандырууга арналып, Бишкекте өтүп жаткан “Тегерек үстөл” жыйынында билдирди. (BD)