Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

16:20 Сынак түрдө салынган мектептерде балдар аллергия болуп ооруп, кышында үшүп жатат


Кыргызстанда өткөн жылы эксперименталдык негизде салынган мектептер санитардык талаптарга жооп бербегендиктен, чекесинен жыртылып, бузулуп, окуучулардын саламаттыгына залака келтире баштады. Бул жөнүндө бүгүн Өкмөт жыйынында билим берүү жана илим министри маселе козгоп чыкты. Анын айтымында, Курулуш боюнча мамлекеттик инспекция өткөн жылы эксперименталдык түрдө салдырган мектептерде балдар жайында аллергия болуп ооруп, кышында үшүп жатат. Министрдин баамында, сапатсыз бүткөн мектептерди пайдаланууга мамлекет кабыл алып жатканда көз жумулган фактылар эми ачыкка чыгып жатат. Экинчи жагынан, эксперименталдуу жол менен салынган мектептер кыш менен салынган мектепке караганда бир жарым-эки эсе кымбат түшкөн. Баардыгы мамлекеттин каражатына ушундай эксперименталдык жол менен он беш мектеп салынган. 2006-жылы селден жапа чеккен Ош жана Жалалабат областтарында сегиз мектеп, өткөн жылы жер титирөөдөн жапа чеккен Нарын жана Баткен областтарында баардыгы жети мектеп салынган. Кочкор районунда Семизбел участкасында ушундай эксперимент түрүндө бүткөн мектепти президент К. Бакиев өзү барып ачкан. “Мен бул мектепти кургандарга айтат элем, эксперименталдуу кылып мектеп кургандан мурун өзүлөрүнүн кабинеттерин куруп, адегенде өздөрүнө сынап көрүшсүн. Мектепти салып аткан куруучулар Кудайдан коркуш керек. Балдарга салып атышканын, келечекке салынып атышканын эстен чыгарбашы керек”,-деп баса белгиледи министр И. Болжурова. (KCh)

XS
SM
MD
LG