Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


Бишкек шаардык гидрометеорология борборунун маалыматына караганда, 27-мартта Талас облусунун өрөөндүү жерлеринде 0...-2 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Үшүк бүчүр байлап, гүл ачып калган бак-дарактарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

27-мартта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Түндүк-чыгыш тараптан ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жеткен сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16 градус.
Талас дубанында түнкүсүн 0…+5, айрым жерлерде 0... -2 градус болуп, үшүк жүрөт. Күндүз +12…+17 градус болот.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -1...+4, күндүз +9...+14 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +10…+15 градус.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түндүк-чыгыш тараптан ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жеткен сыдырым жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +14…+16 градус болот.

XS
SM
MD
LG